Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда 11-июнга карата 36 адамдан коронавирус чыкты

Кыска кабар | 11 Июн 2020 | 520 | 0

11-июнга карата Кыргызстанда коронавирустун дагы 36 учуру катталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев кабарлады.

Анын ичинде:

Бишкек шаарында – 17;

Чүй облусу — 3;

Нарын облусу — 1;

Ысык-Көл облусу — 3;

Ош шаары – 2;

Ош облусу — 4;

Жалал-Абад облусу — 3;

Баткен облусу — 1;

Талас облусунда – 2 учур.

Коронавирус жуктургандардын жалпы саны 2129га жетти.

«Бүгүн катталган 36 жаранда COVID-19 вирусу тастыкталды. Анын 4 учуру чет өлкөдөн келген жарандардан аныкталган. Калган 19 учур медициналык көзөмөлдө тургандардан табылса, 13 учурдун булагы белгисиз бойдон калууда»,- деди Үсөнбаев.

Акыркы сутка ичинде изилдөө 2162 адамга жүргүзүлгөн. Оорулуулар менен байланышта болгон жактардын саны – 9 024. Байланышта болгондордун саны эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү ыктымал.

Учурда Кыргызстан боюнча обсервацияда 1438 адам жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM