Биз менен байланышыңыз

Бекешев медкызматкерлерди сыйлоо боюнча президентке кайрылды

Кыска кабар | 11 Июн 2020 | 429 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев 5-июлда медициналык кызматкерлердин күнүнө карата аларды татыктуу деңгээлде сыйлоону сунуштады. Наамга татыктууларына наам берип, бюджетте акча болсо, акчалай сыйлык тапшырууну сунуштады.

Мындан тышкары, 2021-жылы болсо медиктердин айлыгын көтөрүү керектигин айтты.

-Медициналык кызматкерлер быйыл коронавирус пандемиясына байланыштуу өтө көп жумуштарды аткарышты. Күн-түн дебей, үй-бөлөсү менен жолугушпай иштеп жатышат. Ошондуктан, төрага, президент жана премьер-министр, сиздерден сураныч, быйыл алардан сыйды аябаш керек деп ойлойм. Экинчиден, медициналык кызматкерлердин айлыгын көтөрбөсөк болбойт. Өткөн жумада бир кызматкер айлыгын көрсөттү, ал 3900 сом маяна алат экен. Бул өтө аз«, — деди белгилүү журналист.

Акыркы маалыматтар боюнча, өлкөдө COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 419 учур катталды, алардын ичинен 312 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.

Жакында эле Ысык-Ата райондук ооруканасынын дарыгери Бектур Апышев алган айлыгын жарыялады.

Ал пандемия башталган учурда дарыгерлер үчүн коронавирустан коргонуучу каражаттар жетишсиз болуп жатканын айтып чыккан. Кийин бул билдирүүсү үчүн кайра кечирим сурап, беткап менен “оозун жаап алган”. Ошондон кийин коомчулукта дарыгерлерге эмес, күч органдарына карата сын-пикир күчөп, Бектурду колдогондор көбөйгөн.

Copyright © 2017 Maral FM