Биз менен байланышыңыз

11-июнга алынган аба ырайы

Кыска кабар | 10 Июн 2020 | 514 | 0

Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 11-июнда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан жаап, күндүн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Күндүз Ош, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 10-12-июндарда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн: 8 … 13 °C, күндүз: 23 … 28 °C;

Талас облусунда түнкүсүн: 6 … 11 °C, күндүз: 22 … 27 °C°C;

Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарында түнкүсүн 10 … 15 °C, күндүз:  25 … 30 °C;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн: 6 … 11 °C, күндүз: 14 … 19 °C;

Нарын облусунда түнкүсүн:5 … 7 °C , күндүз: 17 … 19 °C.

11-июнда Бишкекте түнкүсүн мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Күндүз жаан-чачын жаабайт. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 11 … 13 °C°C, күндүзү 24………26°Cди түзөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM