Биз менен байланышыңыз

Эң популярдуу операциялык системалар жарыяланды

Дүйнө , Кыска кабар | 10 Июн 2020 | 515 | 0

Net Market Share аналитикалык компаниясы дүйнөдөгү эң популярдуу операциялык системалардын тизмесин жарыялады.

Ага ылайык, Windows 10 эң популярдуу операциялык тутум деп аталды. Аталган система дүйнөдөгү компьютерлердин 57,83 пайызына орнотулган.

II орунда 24,28% үлүшү менен Windows 7 турат. Ал эми III орунду Windows операциялык системасынын версияларынын бири 8.1 ээлейт, ал 3,06% компьютерлерге орнотулган.

Apple’дин Mac OS операциялык системасынын эң популярдуусу — MacOS Mojave. Ал 2 жыл мурун чыгарылган программалык камсыздоонун 2,46 пайызын ээлейт.

Аналитиктер Windows 7нин популярдуулугун жөнөкөй адат менен түшүндүрүшөт. Тагыраагы, көптөгөн колдонуучулар Windows 10го өтүүнү каалашпайт, анткени Microsoft аталган системаны байма-бай жаңыртып жатат.

Ал эми 2009-жылы чыгарылган Windows 7 расмий түрдө 14-январда эскирген деп табылган. Бул тутум мындан ары такай жаңыртылбайт жана ага техникалык колдоо көрсөтүлбөйт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM