Биз менен байланышыңыз

Планетада эң таза абага ээ аймак аныкталды

Дүйнө , Кыска кабар | 10 Июн 2020 | 510 | 0

АКШдагы Колорадо мамлекеттик университетинин окумуштуулары австралиялык кесиптештери менен бирге Жер шарындагы эң таза абага ээ аймакты аныкташты.

Алар: «Антарктиданын жанындагы суулардан таза абада ырахат аласыңар», — дешет.

Адистердин айтымында, бул аймакта континенттерден аэрозолдун булганышы жана чаңдын жайылышы сыяктуу адамдардын иш-аракеттери байкалбайт.

Окумуштуулар Тасмания жээгинен Антарктидага сүзүп барганда аба үлгүлөрүн алып, андагы бактериялардын төмөнкү атмосферасын изилдешкен. Ошентип, микроорганизмдердин континенттер аркылуу транзиттик процесси изилденген.

Адистер бул аймакты «антропогендик таасири жок» деп тапты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM