Биз менен байланышыңыз

АКШ: Биринчи жолу афроамерикалык Аскер-аба күчтөрүнүн штаб башчысы болуп дайындалды

Дүйнө , Кыска кабар | 10 Июн 2020 | 377 | 0

АКШ Конгрессинин Сенаты афроамерикалык генерал Чарльз Браунду өлкөнүн Аскер-аба күчтөрүнүн штаб башчысы кызматына дайындалышын жактырды. Бул тууралуу The Hill гезити жазды.

Жогорку Коопсуздук Кеңешин башкарган алгачкы афроамерикалык болгондон тышкары, Браун 1993-жылдан бери АКШнын штаб башчыларынын курамына кайрадан кирет.

Басылма Браундун талапкерлигине сенаторлордун бири дагы добуш берген эмес деп белгилейт. Генерал бул кызматка афроамерикалык Джордж Флойддун өлүмүнө нааразычылык акциясынын учурунда дайындалган.

Джорж Флойд 25-майда жасалма акча колдонгон деген шек менен кармалган. Полициялардын бири Дерек Шовин Флойддун дем ала албай калганын айтканына карабастан, аны мойнунан тизеси менен басып турган. Флойд бир нече сааттан кийин ооруканада көз жумган.

Джордж Флойддун өлүмүнөн соң, АКШнын бир нече шаарларында элдик толкундоолор болуп өткөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM