Биз менен байланышыңыз

10-июнь: 6 медкызматкерден коронавирус табылды

Кыска кабар | 10 Июн 2020 | 242 | 0

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 6 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

Илдет жуктурган медкызматкерлер:

• Бишкек шаары – 1;
• Чүй облусунда – 3;
• Ош облусунда – 1;
• Талас облусунда – 1.

Ал эми стационарлардан сутка ичинде 1 медкызматкер айыгып, ооруканадан чыгарылды.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында409 учур катталды, алардын ичинен 294 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM