Өткөн сутка ичинде 2 бейтап COVID-19 инфекциясынан каза болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.
- Жалал-Абад облустук ооруканасынан 1 бейтап (72 жаштагы аял киши);
- Панфилов Жалпы дарыгерлер практикалык борборунан 1 бейтап (70 жаштагы эркек киши) коронавирустан каза тапты.
Жалпы каза болгондордун саны 26 кишини түздү.