Блогер Элмир Сыдымановдун ишине байланыштуу соттук отурум 8-июнга жылдырылды. Кийинки отурумда айыпталуучуга чечим чыгарылары күтүлүүдө.
Бүгүн, 5-июнда Бишкектин Октябрь райондук сотунда блогер Элмир Сыдымановдун иши боюнча соттук отурум өттү.
Октябрь райондук сотунун алдына блогерди колдоп жакындары келди.
Элмир Сыдыманов Жазык кодексинин «Расалык, улуттук, диний же аймак аралык кастыкты козутуу» беренеси боюнча айыпталууда. Аны сот залынан камакка алып, алты жылга эркинен ажыратууну Прокуратура сураган.
Сыдыманов «Инстаграм» баракчасы аркылуу түз эфирде түндүк-түштүк маселесин козгоп, анын айткандары коомчулукта нааразычылыктарды жараткан. Ал 18-февралда Бишкектеги №1 тергөө абагына камалып, 28-февралда үй камагына чыгарылган.