Биз менен байланышыңыз

Kuwait Airways 1500 чет элдик жумушчуну иштен бошотот

Дүйнө , Кыска кабар | 29 мая 2020 | 408 | 0

Кувейттин улуттук авиакомпаниясы — Kuwait Airways, коронавирус пандемиясынан улам келип чыккан финансылык кыйынчылыктардын айынан 1500 чет элдик жумушчуну иштен бошотот. Бул тууралуу авиакомпаниянын басма сөз кызматы Twitter баракчасында жарыялады.

Кувейт март айында Иран жана Иракта коронавируска чалдыккандардын саны жогорулаган кезде Перс булуңундагы мамлекеттердин ичинен биринчилерден болуп эл аралык аэропортту бир нече каттамдар үчүн жапкан.

Бул өлкөдө коронавирустун кескин жайылышын алдын алууга мүмкүндүк берди.

Акыркы маалыматтар боюнча, эмиратта вирус жуктуруп аган адамдардын саны 24 миңден ашты.

Акыркы суткада 845 адамдан коронавирус аныкталды. Ал эми илдеттен көз жумгандардын саны 185ге жетти.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM