Биз менен байланышыңыз

СOVID-19: 29-майда 68 жаңы учур катталды, төртөө медкызматкерлер

Кыска кабар | 29 мая 2020 | 963 | 0

Бүгүн, 29-майга карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 68 учуру катталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде айтты.

Илдетке чалдыккандардын 35и Бишкек шаарынан. (Бишкек шаары – 9 + 26 Россиядан келген курсанттардан), Чүй облусу – 5, Ош шаары – 2, Баткен облусу – 1, Нарын облусунда – 4 жана Орусиядан келгендерден — 21 алардын ичинен 11 боюнда бар аялдар, 10 студент.

Бүгүнкү күнгө карата Республика боюнча СOVID-19 вирусун жугузуп алгандардын жалпы саны 1662ге жетти.

Коронавирус аныкталгандардын катарында 4 медициналык кызматкери бар. Алардын үчөө Бишкек шаарынан дагы бири Ош шаарында катталды.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 330 учур катталды, алардын ичинен 247 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.

Copyright © 2017 Maral FM