Биз менен байланышыңыз

Өзбекстан айрым өлкөлөрдүн жарандары үчүн чек араларды ачат

Дүйнө , Кыска кабар | 29 мая 2020 | 667 | 0

Өзбекстан айрым өлкөлөрдүн жарандары үчүн чек араларды ачат. Ошондой эле мамлекетке алып келинген ар бир турист үчүн 15 доллар төлөп берет.

Өлкө лидери Шавкат Мирзиёев 28-майда «Коронавирус пандемиясынын терс таасирин азайтуу үчүн туризм тармагын колдоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө» жарлыкка кол койду.

Документке ылайык, туризмди жана ага байланыштуу тармактарды колдоо максатында, коронавирус пандемиясынан эң көп жапа чеккен жана улантып келе жаткан «жашыл» жана «сары» категориялар боюнча, 2020-жылдын 1-июнунан баштап ички туризм белгиленген санитардык эрежелерди так сактоо менен улантылат.

Мындан тышкары, 1-июндан баштап туризмди этап-этабы менен калыбына келтирүү максатында Өзбекстанга кирүүгө уруксат берилген өлкөлөрдүн тизмеси аныкталат.

Жарлыкта мамлекеттен туроператорлорго жана туристтик агенттиктерге ар бир чет өлкөлүк турист үчүн 15 доллар өлчөмүндө каражат төлөнөт. Анда турист Өзбекстанда кеминде 5 күн болууга тийиш.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM