Биз менен байланышыңыз

Твиттердин жетекчиси америкалык үй-бүлөлөргө 10 млн $ берди

Дүйнө , Кыска кабар | 28 мая 2020 | 509 | 0

Твиттердин башкаруучусу Джек Дорси коронавирус пандемиясынан улам келип чыккан кризистен жабыркаган америкалык үй-бүлөлөргө акча таратып жаткан Project 100 кайрымдуулук ишине 10 миллион доллар бөлүп берди. Фонд акчаны 10 миң адамга таратат.

Жалпысынан Дорси пандемия учурунда эң жоомарт миллиардер болуп калды: ал апрель айында өзүнүн жалпы байлыгынын үчтөн бир бөлүгүн — 1 миллиард долларды коронавирус менен күрөшүүгө берүүнү убада кылган.

44 жаштагы Джек Дорсинин байлыгы учурда 4,8 миллиард долларга бааланууда.

Пандемиядан кийин акча аялдардын саламаттыгын сактоо, билим берүү жана социалдык чөйрөдөгү долбоорлорго жумшалат.

Буга чейин ишкер ар кандай уюмдарга 85 миллион доллардан ашык каражат бөлгөн. Дорси өзүнүн бүткүл байлыгын кайрымдуулукка берүүнү пландап жаткандыгын билдирген болчу.

Белгилей кетсек, Project 100 — GiveDirectly, Propel жана Stand for Children коммерциялык эмес уюмдарынын биргелешкен долбоору.

Forbes билдиргендей, GiveDirectly 7 жылдан бери дүйнө жүзү боюнча муктаж үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүп келет.

Долбоорду колдогон белгилүү адамдардын катарында миллиардер Линн Шустерман жана Microsoftтун мурдагы башкы директору Стив Балмер, Google’дын  негиздөөчүсү Сергей Брин жана дүйнөдөгү эң бай адам Джефф Безостун мурунку жубайы Маккензи Безос бар.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM