Биз менен байланышыңыз

Рамзан Кадыров коронавируска чалдыкканын четке какты

Дүйнө , Кыска кабар | 28 мая 2020 | 520 | 0

Чеченстандын лидери Рамзан Кадыров маалымат каражаттарында анын коронавирус жуктуруп алганы тууралуу маалыматтарды четке какты. Кадыров бул тууралуу Instagram’да түз эфир учурунда билдирди.

Түз эфирди «Грозный» телеканалынын директору жана Кадыровдун жардамчысы Ахмад Дудаев алып барды.

«Мен ооруп жатсам дагы, дүйнө жүзү боюнча миллиондогон адамдар коронавируска чалдыккан, он миңдеген адамдар өлгөн, мен эмне адам эмесминми? Менин ооруп калууга укугум жокпу? Иммунитетимди жогорулатуу үчүн бир тамчы дары ичүүгө укугум жокпу? Мен аябай дени сак адаммын», — деди Кадыров.

Ал Рамазанды үйдө жалгыз өткөргөнүн айтты. Ошондой эле, пандемия башталгандан бери айланасындагыларга коркунуч туудурбоо үчүн дайыма текшерилип турарын кошумчалады.

«Мен адамдар менен байланышта болгонум үчүн пандемия башталгандан бери вирустун жугуусуна жол бербөө үчүн бир нече жолу канга анализ тапшырдым жана  жөнөкөй тесттерден өтүп жатам. Башкалар сыяктуу эле  мүмкүн болушунча ооруп калбоого аракет кылам. Ар бир адам ден-соолугу чың болушу үчүн колунан келгендин баарын жасашы керек», — Кадыров.

Бир нече күн мурун Рамзон Кадыровдун коронавирус жуктуруп, Москвага алып келингендиги жөнүндө маалымат тараган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM