Биз менен байланышыңыз

Индонезиялык бизнесмен тооктун бут терисинен бут кийим тигүүдө

Дүйнө , Кыска кабар | 25 мая 2020 | 773 | 0

25 жаштагы индонезиялык ишкер Нурмон Рамдхани тооктун бут терисинен бут кийим жасап, 35 доллардан 140 долларга чейин сатууда. Мындай сунушту ишкердин атасы киргизген. Бул тууралуу Business Insider билдирди.

Жаш ишкер бул максатта 6 кишиден турган тайпа чогултту. Бизнесмендин атасы экзотикалык сойлоочунун терисин тооктун тырмактарынан тизесине чейин окшоштургандыктан ушундай идеяны айткан.

«Биз бул терини тандап алдык, анткени Индонезияда тез тамактануу жайлары тооктун буттарын көп ташташат. Биз бул өнүмдүн кыйла пайдалуу болушун каалайбыз», — деди бизнесмен.

Ал ошол эле учурда териси жогорудагы максаттарда колдонгон крокодил жана жыландарды коргогусу келет. Анткени алардын айрымдары жок болуп кетүү коркунучунда.

Рамдхандын айтымында, тооктун бутунан жасалган тери да «люкс» көрүнөт. Бут кийимди кол менен жасашат. Тери эт менен сөөктөн бөлүнүп, кургатылат жана чогуу тигилет. Эркектердин бир жуп бут кийимине 45 тооктун буту керектелет жана 10 күн убакыт кетет.

Hirka деп аталган бул компания 2017-жылдан бери бут кийим өндүрүп келет.

Ишкерлердин айтымында, керектөөчүлөргө өз буюмдары жагат: бут кийим ыңгайлуу жана кооз көрүнөт.

«Ар бир өнүм кардарларга жеткен сайын алар ойлогондон жакшыраак болуп чыгат. Азырынча бардык ой-пикирлер жакшы», — деди бизнесмен.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM