Биз менен байланышыңыз

Кытай эпидемияга жооп кайтарууда каталарын моюнга алды

Дүйнө , Кыска кабар | 22 мая 2020 | 758 | 0

Кытай коронавирус эпидемиясына жооп кайтарууда каталарын моюнга алды. Бул тууралуу Мамлекеттик кеңештин премьер-министри Ли Кэцян Кытай парламентинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын сессиясынын ачылышында сүйлөп жатып билдирди.

Кецяндын айтымында, коронавирус жайылган учурда саламаттыкты сактоо тармагында өзгөчө кырдаалдарды башкарууда көптөгөн алсыздыктар орун алган. Айрым чөйрөлөрдө коррупция жана иш кагаздарын толтуруу кеңири жайылган көйгөй бойдон калууда.

Мындан тышкары, өкмөттүн иши ашыкча формалдуулук менен татаалдашты. Бир катар аткаминерлер өз милдеттерин аткаруудан баш тартып же такыр аткара алышышкан эмес.

Кытай өкмөтү калктын ар кандай катмарынын көз караштарын жана сунуштарын эске алуу менен бул маселелерге өзгөчө көңүл буруп жатат.

«Биз өз ишибизди өркүндөтүп, алган милдеттенмелерибизди аткарып, элдин ишенимин акташыбыз керек», — деди Ли Кэцян.

Белгилей кетсек, АКШ баш болгон бир катар өлкөлөр Кытайды коронавирус эпидемиясына тийиштүү чара көрбөгөндүктөн анын дүйнө жүзү боюнча жайылышына себеп болгонун айтып, айыптап жатышат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM