Биз менен байланышыңыз

Тажикстанда бейтаптар айыга баштады

Дүйнө , Кыска кабар | 22 мая 2020 | 602 | 0

Тажикстанда коронавирус менен ооругандар калыбына келе баштады. Алсак, 20-майда 470 бейтап айыгып чыкты. 21-майда вирустан айыккандардын саны 1008ге жетти.

Азыркы учурда инфекция жуккан адамдар менен байланышта болгон 3592 адам медициналык көзөмөлдө.

Өлкөдө акыркы суткада 210 адамга коронавирус диагнозу коюлуп, илдетке кабылгандардын жалпы саны 2350гө жетти.

Ал эми 21-майда үч адам коронавирустан каза болду. Ушуну менен көз жумгандардын жалпы саны 44кө жетти. Бул Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен эң жогорку өлүм.

23-апрелден бери эл алдына чыга элек тажик башчысы Эмомали Рахмон ЖМКларда «көрүндү.» Ал жана анын уулу Рустам Эмомали жана Душанбе шаарынын мэри болуп, борбордо убактылуу оорукана катары кызмат кылган объекттерди кыдырышты. Президент имараттарды коргоочу бет кап менен текшерди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM