Биз менен байланышыңыз

Коронавирус жемиштер аркылуу жугушу мүмкүнбү?

Дүйнө , Кыска кабар | 20 мая 2020 | 928 | 0

Дарыгер жана теле алып баруучу Евгений Комаровский «Инстаграм» баракчасында  коронавирусту жуктуруп албоо үчүн жашылчаларды, жемиштерди таза суу менен жууп салуу керектигин айтты.

Анын пикиринде, адам дүкөндө жүргөндө колуна жөтөлүп, андан кийин жер-жемишти кармалап көрүп, кайра ордуна коюшу мүмкүн. Ал жемишти алып, жууп-тазалабай жеген адам коронавирус жуктуруп алышы ыктымал.

Мындан тышкары, Комаровский жемиштер менен жашылчаларга кайнак суу куюуну сунуштады.

ДСУнун маалыматы боюнча, дүйнөдө 5 млн 3 миң  155 адам бул илдетке чалдыкса, 325 миңден ашыгы көз жумган. 1 млн 970 миң 918 киши айыгып чыккан.

Жонс Хопкинс университетинин маалыматына таянсак, АКШ коронавирус менен жабыркаган жана жуктурган адамдардын саны боюнча биринчи орунда турат.

Кошмо Штаттарда 1 млн 570 миң 583 киши илдетке кабылып, дарттан 93 миң 533 адам каза тапкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM