Биз менен байланышыңыз

Дагы 27 адамда коронавирус аныкталып, 12 бейтап айыкты

Кыска кабар | 20 мая 2020 | 625 | 0

Бүгүн, 20-майга карата Кыргызстанда дагы 27 адамдын анализинен коронавирус инфекциясы табылды. Бул тууралуу эртең мененки онлайн маалымат жыйында Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү билдирди.

Жаңы катталган 27 учурдун аймактарга карата бөлүнүшү:

Бишкек шаары – 4;
Чуй облусу — 1;
Ош облусу — 2;
Нарын облусу — 19;
Ысык-Көл облусу — 1.

Ошол эле учурда бир сутка ичинде 12 бейтап ооруканадан айыгып чыкты:

Бишкек шаары – 8;
Нарын облусу — 4.

Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 1270 адамга жетти. Алардын ичинен 910 бейтап сакайып, 14 адам каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM