Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков бажы аймагындагы тоскоолдуктарды жоюу маселесин көтөрдү

Кыска кабар | 19 мая 2020 | 560 | 0

Бүгүнкү шартта ЕАЭБ ичинде товарлардын эркин жүрүүсү азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо үчүн актуалдуу болуп калды. Мындай пикирин президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-майда, Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин кезектеги жыйынында билдирди.

Мамлекет башчысы Биримдиктин ички бажы аймагындагы тоскоолдуктарды жоюу маселесине көңүл бурду.

Биринчи керектелчү продукцияларды жеткирүүдө «жашыл коридорлорду» түзүү жөнүндө макулдашууга жетишкенбиз. Ага карабастан, Биримдиктин айрым мүчө-мамлекеттери тарабынан көзөмөл күчөтүлүп, азык-түлүктөрдү жеткирүүгө чектөөлөр киргизилүүдө, — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Президент Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын ыйгарым укуктары жетишсиз болгондуктан, тоскоолдуктарды жоюунун колдо бар механизмдери натыйжасыз болуп жаткандыгын баса белгиледи.

Комиссиянын тоскоолдуктарды жоюу боюнча чечимдери кээ бир мүчө-мамлекеттер тарабынан толук түрдө аткарылбай жатканын белгилөө менен Мамлекет башчысы ЕЭК Коллегиясына тоскоолдуктарды жойбогондорго карата айыппул санкцияларын колдонуу боюнча ЕАЭБ Сотуна кайрылуу укугун берүүнү сунуштады.

Президент Сооронбай Жээнбеков ошондой эле Европадан жана Украинадан Кыргызстанга келе турган товарлар менен жүктөрдүн эркин транзитин камсыз кылуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуш кылды.

Copyright © 2017 Maral FM