Биз менен байланышыңыз

Кытай БДСУнун коронавируска каршы аракеттерин иликтөөнү колдойт

Дүйнө , Кыска кабар | 19 мая 2020 | 352 | 0

Кытай Эл Республикасы Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун коронавируска каршы аракеттерин иликтөө боюнча Евробиримдиктин демилгесин колдойт. Бул тууралуу өлкө лидери Си Цзиньпин бүгүн, 19-майда, Бүткүл Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Ассамблеясынын жыйынында билдирди.

Washington Post гезитинин маалыматына ылайык, шейшемби күнү тергөө жана резолюциянын долбоору боюнча добуш берүү өтөт. Ал зарыл болгон добуштардын үчтөн эки бөлүгүн алат деп күтүлүүдө.

Си Цзиньпин ошондой эле вируска каршы күрөшүүдө башка өлкөлөргө 2 миллиард доллар бөлүп берерин белгиледи.

Ал эми АКШнын президенти Дональд Трамп жыйынга кайрылууга чакыруудан баш тарткан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM