Биз менен байланышыңыз

ЭВФ Өзбекстанга 375 млн доллар бөлөт

Дүйнө , Кыска кабар | 19 мая 2020 | 342 | 0

Эл аралык валюта фондунун директорлор кеңеши Өзбекстанга коронавируска каршы күрөшүү үчүн 375 миллион доллар бөлүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу аталган фонддун сайтында маалымдалды.

«ЭВФтин Аткаруу кеңеши Өзбекстандын COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүнө насыя берүү жана тез каржылоо куралы аркылуу 375 миллион доллар бөлүүнү жактырды», — деп билдирди фонд.

Жеңилдетилген насыяларга 10 жылдык мөөнөткө 125 миллион доллар өлчөмүндөгү пайызсыз насыя линиясы жана 5 жылдык мөөнөткө жылдык 1,05 пайыздык үстөк менен 250 миллион доллар өлчөмүндө тез каржылоо куралдары кирет.

Бул каражат дүйнөлүк кризистин жана коронавирустун пандемиясынын терс таасирин азайтуу боюнча иш-чараларды каржылоо үчүн Кризиске каршы фондду толуктоого жумшалары Өзбекстандын Каржы министрлигинин Telegram каналында айтылды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM