Биз менен байланышыңыз

Хабиб Нурмагомедовдун атасы өтө оор абалда

Дүйнө , Кыска кабар | 19 мая 2020 | 1009 | 0

Жеңил салмактагы UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедов коронавирус жуктуруп алган атасынын абалы тууралуу айтып берди.

Хабибдин атасы Абдуманноб Нурмагомедов коронавируска чалдыккан.

Спортчунун айтымында, COVID-19 атасынын жүрөгүнө таасир берди. Хабибдин атасы бир жыл мурун жүрөгүнө операция жасаткан болчу.

-Дагестанда кырдаал өтө оор жана өкүнүчтүү. Ооруканалар толуп калган.  Көптөгөн адамдар вирусту жуктуруп алышып, бир тобу каза табышты. Биз азыр бардыгыбыз биригишибиз керек. Менин атам учурда ооруканада, анын абалы оор. Вирустук инфекциянын фонунда анын жүрөгү ооруп, кайрадан операция жасалды. Аллахтан аны бизге кайтарып беришин сурайбыз, — деди спортчу.

Нурмагомедов дарыгердин көрсөтмөлөрүн аткарууга, Орозо айт майрамын үйдө өткөрүүгө чакырып кеткен.

Дагестанда коронавирустук инфекциянын жайылышы боюнча абал татаал бойдон калууда. Расмий түрдө өлкөдө 3 миң 460 адам илдетке чалдыккан. 1 миң 807 адам айыгып чыккан.

Дагестанда коронавирустан каза болгон дарыгерлердин саны 40ка жетти. Бирок расмий статистикада каза болгондордун жалпы саны 29 деп көрсөтүлгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM