Биз менен байланышыңыз

Индия менен Бангладеште миллиондогон адамдар эвакуациялана баштады

Дүйнө , Кыска кабар | 19 мая 2020 | 2792 | 1

Индия менен Бангладеште күчтүү циклон жакындап калгандыктан, 2 миллиондон ашык адам коркунуч жаралган аймактардан эвакуациялана баштады. Бул тууралуу индиялык ЖМКлар жазып чыкты.

Учурда «Амфан» деп аталган циклон Бенгал булуңунда аракетке өтүп, андагы шамалдын максималдуу ылдамдыгы 265 км/с чейин жетип жатат.

Циклон Индия менен Бангладешти 20-майда каптайт деп күтүлүүдө. Анда катуу жааган жамгыр жана саатына ылдамдыгы 165 км/с шамал болору болжолдонууда.

Адамдар баш калкалоочу жайларга жайгаштырылып, коронавирустун жайылышына жол бербөө үчүн беткап жана кол кап кийип жүрүүгө чакырылган.

Эки мамлекеттеги кырдаал коронавирустун жайылышына каршы күрөшүү алкагында киргизилген чектөөлөрдөн улам татаалдашты.

Жергиликтүү метеорологдор циклон 2007-жылдан бери эң күчтүү болушу мүмкүн экенин эскертип жатышат. Ошол учурда «Сидар» циклону 3 миңден ашуун кишинин өмүрүн алып кеткен.

1 пикир

1 пикир

  1. Кутман Билиш

    30.05.2020 16:44

    Анткени Индияда ото элдин жашоосу тамак ашы ички гигиенасы 60,70процентке жакыр, кирдин суусун иче да берет жууна да берет, чымын чиркей андан коп, тазалык мындан жок, ошого да жараткан суу менен куюн шамал кылып тазалайын харам менен халялдын паркын билип журушсун деген мааниде белги берип жататда Алхамдулиллах Аллах жалгыз жага бироо жана ага эчким тенегис, ал озу улуу зат баарыны озу жаратат кааласа озу алат

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM