Биз менен байланышыңыз

Израилде Кытай элчисинин жансыз денеси табылды

Дүйнө , Кыска кабар | 18 мая 2020 | 627 | 0

Кытайдын Израилдеги элчиси Ду Вейдин сөөгү Тель-Авивдин четиндеги үйүндө табылды.  Бул тууралуу ВВС кабарлады.

57 жаштагы дипломаттын өлүмүнүн себеби расмий түрдө жарыялана элек. Бирок Израилдин 12-каналы элчи табигый себептерден улам көз жумганын жарыялады.

ВВС белгилегендей, 15-майда АКШнын Мамлекеттик катчысы Майк Помпео Израилге болгон сапарында Кытайдын коронавирус менен күрөшүү кадамдарын сынга алган. Ал эми элчи Ду Вэй ага кескин жооп кайтарган.

Кытай элчилиги Jerusalem Post басылмасында Помпеонун  билдирүүлөрүн «абсурд» деп атап, Кытай эпидемиянын чыныгы масштабын жашырып жатат деген шек саноолорун четке каккан.

Айта кетсек, Ду Вэй Израилде өз ишин февралда баштаган. Ага чейин Украинада элчи болуп иштеп келген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM