Биз менен байланышыңыз

«Дүйнөдө балга болгон керектөө кескин жогорулады»

Кыска кабар | 15 мая 2020 | 608 | 0

«Аман» соода-өндүрүш компаниясынын жетекчиси Кадыр Алы «Марал» радиосуна берген маегинде пандемияда дүйнө коомчулугунда балга болгон керектөө кескин жогорулаганын билдирди.

-Башка өлкөлөр балды вируска каршы күрөшүүдө көрсөтүлгөн тамак-аш тизмесине киргизишкен. Ал эми бизде жалаң  дары-дармек, бет капка көңүл барап жатабыз. Балды эч ким ойлонгон жок. Дүйнө боюнча балга суроо-талап жогору. Анткени Автралияда өрт чыгып, бал өндүрүү тармагы жабыркап калды. Алар дүйнөнүн 40%ын бал менен камсыздашчу, — дейт Кадыр Алы.

Анын айтымында, коронавирус бал тармагына чоң таасирин тийгизди. Анткени карантин башталган учурда бал өндүрүүчүлөрдүн жумушу кызуу жүрүп жаткан. Бирок жумуш аксап калды.

Экинчиден, кайра иштетип, экспортко чыгаруучу ишканалардын иши үзгүлтүккө учурады. Анткени логистика токтоп, буюртмалар болсо да, сыртка чыгашы албай калышты.

-Алсак, биздин ишкана 80%га жабылды. Учурда ички рынок менен эле чектелип жатабыз. Коронавирустун кесепети балчыларга катуу тийди, — дейт Кадыр Алы.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM