Биз менен байланышыңыз

Мектептердеги ысык тамакка делген азык-түлүктөр окуучуларга таратылууда

Кыска кабар | 14 мая 2020 | 365 | 0

Билим берүү жана илим министрлиги Мерсико уюму менен биргеликте Кыргызстандагы 440 мектепте пайдаланылбай калган азык-түлүктөрдү башталгыч класстагы окуучулардын үй-бүлөлөрүнө таратууда. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Мерсико уюму 1-4-класстын окуучуларына ысык тамак берүү программасынын алкагында республикадагы 440 мектепти төрт түрдүү азык-түлүк (буурчак, күрүч, өсүмдүк майы, ун) менен камсыздап келет. Жалпы билим берүү уюмдары аралыктан окутууга өткөрүлгөндүгүнө байланыштуу аталган мектептердеги азыктардын калдыгы пайдаланылбай калган. Учурда алар балдары башталгыч класстарда билим алган үй-бүлөлөргө бөлүнүп берилип жатат.

Буга чейин Билим берүү жана илим министрлиги БУУнун Бүткүл дүйнөлүк Азык-түлүк программасы менен биргеликте мектептеги тамак-ашка мерчемделген 116 тонна байытылган унду башталгач класстарда билим алган окуучулардын үй-бүлөлөрүнө таратып берүүнү баштаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM