Биз менен байланышыңыз

Бишкекке кирүүдө ПЧР-анализ жөнүндө маалымкат талап кылынабы?

Кыска кабар | 13 мая 2020 | 689 | 0

Бишкек шаарына кирүүдө ПЧР-анализ жөнүндө маалымкат көрсөтүүнүн зарылдыгы жок. Болгону жумуштан алынган маалымкатты жана ким экендигин тастыктаган документин алып жүрүү жетиштүү. Аны менен бирге дарыгерлер ар биринин температурасын ченешет. Бул тууралуу шаардын вице-мэри Азиз Алымкулов 13-майда брифинг учурунда билдирди.

«Коронавирустук инфекциянын тарашына жол бербөө боюнча санитардык-эпидемиологиялык талаптардын убактылуу кабыл алынган эрежелерине жана ченемдерине ылайык, менчигинин түрүнө карабастан бардык жеке жана юридикалык жактар эрежелерди так аткарууга милдетүү. Эрежелердин сакталышын көзөмөлдөө үчүн райадминистрация тарабынан рейддик иш-чаралар жүргүзүлөт», – деди Алымкулов.

Анын айтымында, Бузуулар жана жоруктар жөнүндө мыйзамдар тарабынан санитардык ченемдерди жана карантиндин талаптарын сактабагандык үчүн бир катар чаралар бекитилген.

Белгилүү болгондой, шаардын кире бериштерине 16 санитардык-көзөмөл пост орнотулган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM