Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев: 2019-жылы ИДПнын өсүү темпи 4,5 пайызды түздү

Кыска кабар | 13 мая 2020 | 403 | 0

2019-жылы өлкөнүн ички дүң өнүмүнүн өсүү темпи 4,5 пайызды түздү. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 13-майда Жогорку Кеңештин отурумунда билдирди.

Анын айтымында, былтыр өлкө боюнча 77 миң 500 жумушчу оруну түзүлгөн. Анын ичинен 14 миң 700 жаран туруктуу жумуш менен камсыздалды.

-2018-жылга салышытырмалуу 5 миң 211 туруктуу жумуш оруну көп түзүлдү, алардын көпчүлүгү аймактарда. Мындан сырткары, экспорт-импорт балансы жакшырды. Өкмөт биринчи жолу экспорттун өсүү темпин, импорттун кыскаруусун туруктуу мүнөзгө алып келди, — деди Абылгазиев.

Ал белгилегендей, 2019-жылдын жыйынтыгы менен экспорт 7 пайзыга (129 млн доллар) өскөн. Ал эми импорттун көлөмү 7,3 пайызга (388 млн доллар) кыскарган.

Айыл чарба продукцияларынын экспорту 23%га жогорулаган.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM