Биз менен байланышыңыз

Депутат өкмөттүн отчётун «канааттандырарлык эмес» деп табууну сунуштады

Кыска кабар | 12 мая 2020 | 388 | 0

Депутат Исхак Масалиев өкмөттүн отчётун «канааттандырарлык эмес» деп табууну сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 12-майда, парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Ошондой эле Масалиев комитет төрагасына кайрылып, өкмөттүн отчетун четке кагуу тууралуу сунушун добушка коюуну суранды.

− Өкмөт 2019-жылы ишмердүүлүгүн так аткарган эмес. Өздөрү берген маалыматта кемчиликтер бар. Бирок бюджет аткарылбаптыр. Биз бекитип берген мыйзамды аткарыш керек да, − деди депутат.

Жыл сайын ушундай кемчиликтүү отчетту кабыл алып, эч ким эч нерсеге жооп бербей кала берерин кошумчалады.

Андан сырткары, депутат чек ара маселесиндеги кемчиликтер боюнча сөз кылды.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Масалиевге жооп берип жатып, кемчиликтердин баары жүйөөлүү экенин айтты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM