Биз менен байланышыңыз

Президент чек ара чырында жарадар болгон аскерлерден кабар алды (фото)

Кыска кабар | 12 мая 2020 | 792 | 1

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-майда, Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде жакында болгон курал колдонуу менен коштолгон жаңжалда жаракат алган аскер кызматкерлеринин абалынан кабар алды.

Октон жарадар болгон Мамлекеттик чек ара кызматынын аскер кызматкерлери Султанбек уулу Мирбек, Абдисаит уулу Манас жана Турдубай уулу Чыңгыз учурда Бишкек шаарындагы Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталда дарыланып жатышат.

Президент Сооронбай Жээнбеков чек арачыларга колдоо сөздөрүн айтып, алардын тез арада сакайып кетишин каалады.

Мекенине ак ниет кызмат кылгандыгы жана Мекен чегин коргогондугу үчүн ыраазычылык билдирди.

Эске салсак, 8-майда Баткен облусунун Чек аттуу жеринде ал жердин 50 сотук жерин пайдалануу маселеси боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын жарандарынын ортосунда чыр чыккан. Кыргызстандын 30-40 жараны жана Тажикстандын 30-40 жараны бири-бирине таш ыргыта баштаган. Чыр учурунда аңчылык мылтыктан ок атылган. Чырдын курчушун болтурбоо үчүн Кыргызстан жана Тажикстандын чек арачылары асманга эскертүү иретинде ок атышкан. Кырдаал бир нече убакытка басаңдаган. Чыр басаңдаганда эки өлкөнүн жарандары арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жаткан. Бирок Тажикстандын чек ара кызматкерлери күтүүсүздөн миномет менен кыргыз чек арачылары жана Кыргызстандын жарандары тарапка ок ата баштаган.

Натыйжада, кыргызстандык 4 адам (3 аскер кызматкери жана 1 жаран) жаракат алып, алардын үчөө Баткен облустук бириктирилген ооруканасына жаткырылган. Ал эми бирөө медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин канааттандырарлык абалда амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн.

Ал эми Тажикстандын коопсуздук комитети эки тажик тургуну жаракат алганын айткан.

10-майда чек арада ок тийген аскерлер Бишкекке алынып келинген.

1 пикир

1 пикир

  1. Минюра

    13.05.2020 17:48

    Кабар алганы жакшы, бирок чек арадагы маселени чечсе андан да жакшы болмок.Буга окшогон кырсыктуу окуялар мындан арты болмок эмес!!! Качан чечилеер болду экен,койгойлор………

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM