Connect with us

Президент: Коронавируска каршы иштер күчөтүлгөн тартипте улантылышы керек

Кыска кабар | 10 Май 2020 | 1616 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 10-майда, Жогорку Кеңеш төрагасы Дастанбек Жумабеков жана премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолугушту.

Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Коронавирус инфекциясы менен күрөшүү боюнча учурдагы кырдаал, өлкөнүн ишкердик активдүүлүгүн жандандыруу боюнча чаралар, постпандемия мезгилине артыкчылыктуу милдеттер жөнүндө пикир алмашуу болду.

Элдин мындан ары дагы санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди кармануусу жана өлкөнүн бардык аймактарында өзгөчө кырдаал режимин сактоо зарылдыгы белгиленди.

Президент Сооронбай Жээнбеков ишке тартылган мамлекеттик органдардын экономикалык кесепеттерди жеңип чыгуу, илдеттин мындан ары жайылышына жол бербөө боюнча иштери күчөтүлгөн тартипте улантылышы керектигин баса белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM