Биз менен байланышыңыз

Президент социалдык төлөмдөрдү оңой жол менен жеткирүүнү тапшырды

Кыска кабар | 21 Апр 2020 | 885 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 21-апрелде Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоровду кабыл алды.

Өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал шарттарында калктын социалдык жактан аярлуу катмарына тиешелүү жардамдарды көрсөтүү жана аларды колдоо боюнча чаралар талкууланды.

Президент Сооронбай Жээнбеков түзүлгөн кырдаалда муктаж жарандарга даректүү жардамдарды көрсөтүү боюнча иштер өзгөчө көзөмөл алдына болушу керектигин эске салды жана бул багытта иштерди күчөтүүгө чакырды.

Мындан сырткары, Сооронбай Жээнбеков өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал шарттарында жарандарды социалдык жактан коргоо системасы болушунча ийкемдүү болушу керектигин белгилеп, айрым калктуу пункттарга социалдык төлөмдөр өз маалында жеткирилбегени жөнүндө маалыматтарга көңүл бурду. Буга байланыштуу өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал шарттарында мамлекеттик социалдык кепилдиктерди алуу механизмдерин жөнөкөйлөштүрүүнү сунуш кылды.

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров республика боюнча 490 миң жаран ар кандай социалдык төлөмдөрдү аларын билдирди. Бүгүнкү күндө бардык суммалар каржыланган, төлөмдөр боюнча карыздар жок.

Улукбек Кочкоровдун айтымында, аз камсыз болгон  жана кыйынчылык тарткан үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүү максатында «1227» тынымсыз телефону иштетилип, аны менен күнүгө 30 миңге жакын кайрылуулар болуп жатат. Мындан сырткары, жарандар жардам боюнча кайрыла ала тургандай 1227.tunduk.kg онлайн платформасы түзүлгөн.

Бул системалар аркылуу бүгүнкү күндө 393 миң арыз келген, анын 225 миңи канааттандырылган.

Copyright © 2017 Maral FM