Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандын айрым аймактарында өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин узартылат

Кыска кабар | 14 Апр 2020 | 1071 | 0

Өлкөнүн айрым шаарлары менен райондорунда өзгөчө абал режими 2020-жылдын 30-апрелине чейин узартылат. Мындай Жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 14-апрелде кол койгонун президенттин маалымат кызматы билдирди.

Жарлыкка ылайык, Бишкек шаарынын, Ош шаарынын, Ош облусунун Ноокат жана Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад шаарынын жана Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарында өзгөчө абал 2020-жылдын 30-апрелине чейин узартылууда.

Аталган Жарлык кол коюлгандан тарта күчүнө кирет жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине бекитүү үчүн жиберилет.

Copyright © 2017 Maral FM