Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда коронавирус дагы 4 адамда аныкталды

Кыска кабар | 1 Апр 2020 | 3955 | 0

Бүгүн, 1-апрель саат 12.00гө карата Кыргызстанда коронавирусту дагы 4 адам жуктуруп алганы белгилүү болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин штабынын башчысынын орун басары Касымбек Мамбетов маалымдады.

Анын айтуусуна караганда, Кыргызстан боюнча жалпы коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандардын саны 111 кишиге жетти.

Коронавирус жуктуруунун 4 жаӊы учурунун аймактарга карата бөлүнүшү:
Жалал-Абад шаары – 1;
Сузак району – 1;
Кара-көл шаары – 1;
Чүй облусу – 1.

Коронавирус инфекциясы аныкталган бейтаптардын 59 — аял, 52 — эркек.

Copyright © 2017 Maral FM