Биз менен байланышыңыз

Президент өкмөттүн жана парламенттин жетекчилери менен жолукту

Кыска кабар | 19 Мар 2020 | 550 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жана парламенттин фракция жетекчилери менен өлкө аймагына коронавирустун киргендигине байланыштуу учурдагы абалды талкуулады. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы Кыргызстан жалпы дүйнө коомчулугу сыяктуу эле олуттуу сыноого туш келип, өлкөдө биринчи жолу коронавирус илдетине кириптер болгондор катталганын белгилеп, оорунун мындан ары жайылышына жол бербөө максатында болгон аракеттердин баары жасалып жатканын, Сузак районунун аймагында өзгөчө кырдаал режими киргизилгендигин жана эки республикалык штаб жигердүү иштеп жаткандыгын белгиледи.

Абал толугу менен көзөмөлдө турат. Коопсуздук кеңештин жыйындарында өз убагында тиешелүү чечимдер кабыл алынып, бүгүнкү күндө алар аткарылып жатат. Медицина кызматкерлери өлкөгө бул инфекциянын киришине жол бербөөнүн үстүндө катуу эмгектеништи. Экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу жана илдетти алдын алуу боюнча алгылыктуу иштер жүргүзүлдү. Ошентсе да кемчиликтер бар, аларды жоюу боюнча иш алып барылышы керек, — деди Сооронбай Жээнбеков.

Президент күнү-түнү тыным албай иштеп жаткан дарыгерлерди жана өлкөнүн экономикалык коопсуздугун камсыз кылып жаткандарды колдоого чакырды.

Биз баарыбыз элибизге иш жүзүндө реалдуу жардам беришибиз зарыл. Тиешелүү мамлекеттик органдар экономикалык чөйрөдө кырдаалдан пайдаланып, бааны көтөрүү менен байып кетүүнү көздөгөн чайкоочуларга бөгөт коюу боюнча жигердүү чараларды көрүштү. Эми эң башкысы, саясий чайкоочулукка жол бербөөгө чакырам, — деди президент.

Депутаттар менен жолугушууда калкты жана турак жай фондун каттоо бир айга кеч, тагыраак айтканда, 2020-жылдын 23-апрелинен 1-майына чейин өтөрү айтылды.

Жолугушууда өлкөнүн ар бир жараны өзүнүн жана айланасындагылардын саламаттыгын сактоо боюнча чараларга жоопкерчилик менен мамиле кылышы керектиги өзгөчө белгиленди.

Copyright © 2017 Maral FM