Марал Радиосу

Бир кыргызстандык жылына орточо 1.5 кг чай ичет (кызыктуу фактылар)

Күнүмдүк жашообузда ичимдик катары эң көп чайды колдонобуз. Чайсыз жашообузду элестетүү өзү мүмкүн эмес болсо керек. Кээде жөн эле чай ичип отуруу деле адамга бактылуулук тартуулайт. Мына ошол биз ичип жүргөн жөнөкөй пиаладагы чай дүйнө жүзүндөгү башка өлкөлөрдө кандай болду экен деген суроо сизде жаралды беле? Анда сиздерге дүйнө элдеринин чай ичүү маданиятындагы өзгөчөлүктөр жана кыргызстандыктардын чайга болгон табити тууралуу бул макалада баяндап беребиз:


Келиңиз, чай ичебиз! 10 өлкөнүн чай ичүү салтанаты


1.Япония. Матча — майдаланып порошок түрүнө келтирилген көк чай. Чайдын бул түрүн колдонуу Япон чай ичүү маданиятында салтка айланган.

2.Индия.  Бай жана көп түрдүүлүккө ээ болгон чайлардын тарыхына ээ өлкө. Индиялыктарга таандык болгон “Масала” чайы ар түрдүү жыпар жыттуу чөптөрдү кошуп кайнатуу менен даярдалат.

3. Улуу Британия. Кара чайды сүт жана кум шекер менен бир күндө бир нече жолу ичишет.

4. Түркия. Баарыбызга белгилүү болгондой түрк кофеси дүйнө жүзүндө атак даңкка ээ. Ошол эле учурда түрк чайы да белгилүү. Түркияда чайды күн сайын тамак менен да, тамактан сырткары да ичишет.

5. Тибет. Тибеттиктердин сатка айланган “бо ча” чайы туз жана май менен берилет. Бир кыйла каныккан жана ачуу даамга жетүү үчүн чай бир нече саат бою кайнатылат. Май жана туз чай сунулардын алдында дароо кошулуп берилет.

6. Марокко. Жалбыз жалбырактары менен чай өзгөчө популярдуулукка ээ жана жалбыз чайын демдөөнүн өзүнүн эле бир канча ыкмалары бар.

7. Орусия. Бир нече чайдын сортторун өз-өзүнчө кайнатып алып, кийин аралаштырып куюшат. Атайын чай демдөө үчүн самовар колдонушат.

8. Тайланддын салтында чайды сүт жана муз менен беришет.

9. Египет чоң өлчөмдө чайды импорттоочу өлкөлөрдүн катарында. Египет калкы үчүн таттуу эмес кара чайды күн сайын ичип туруу адатка айланган. Үйлөнүү үлпөт тойлорунда кытай розаларынан жасалган чай сунулат.

10. Малайзияда Teh tarik чайы кара чай, кум шекер жана сүт менен көбүк пайда болгонго чейин аралаштырылып жасалат. Каймак даамданган чай түштөнүүдөн кийинки убакта жакшы ичилет.


Көк чай — арыктатуучу касиетке ээ


Эми Кыргызстандагы чай ичүү маданияты тууралуу айта турган болсок, түштүк тарапта кара чай менен кошо көк чайды ичүү да өтө кеңири тараган. Ал эми түндүк тарапта сүт чай, же чайга сүт кошуп ичкендер көп. Кыргызстандын рыногунда эң көп кара чай сатылат. Ошондой эле ар бир кыргызстандык жылына орточо 1.5 кг чай ичет экен. Ал эми улуу Британияда ар бир адамга жылына орточо 2.7 кг чай туура келет.

Чай тууралуу аңгемебизди улай турган болсок, дүйнөдө чайды эң көп өндүргөн өлкөлөрдүн сап башында Кения турат (23%). Экинчи орунда Кытай (18%), андан кийин Шри-Ланка (15%) же башкача айтканда Цейлон аралы.

Цейлон чайы эмнеси менен өзгөчө жана эмнеге Цейлон деп аталып калган? Негизи Шри-Ланка 19 кылымдын башында Улуу Британиянын империясынын астында чай экспортун өнүктүрүп, эл аралык соодага чыкканда Шри-Ланканы Цейлон деп атап башташкан. Ошол бойдон колониалдык Цейлон деген ысым ошол жакта өстүрүлгөн чайга түбөлүккө берилип калган. Ошону үчүн Шри-Ланка чайы деп угуп калсаңыз, демек Цейлон чайы экен деп түшүнсөңүз болот.

Цейлон чайы экспортко эки жол менен чыгат:

1) Цейлондо терилип, жыйналып, кургатылып, чоң 10 кг дан 25 кг чейин фольга кагаздарга салынып экспорттолот.

2) Цейлондо терилип, жыйналып, кургатылып, жакынкы фабрикада тез арада 100 гр. дан 500 гр чейин таңгакталат.

Цейлон чайынын даамы чай өскөн ландшафтка жараша болот. Мисалы, жапыз бийиктикте өскөн Цейлон чай жалбырактары демдегенде жыпар жыттуу жана күрөң-кызгылт өңдө болот. Ал эми бийик тоодо өскөн чай демделгенде, жумшак жыттуу даам жана кыпкызыл болуп демделет. Башкача айтканда, кара Цейлон чайы жаңгак сүтүн, лимон же балды камтыйт. Цейлон чайын муздатып ичсе дагы абдан жакшы даам берет.

Дүйнөгө өзүнүн сапаты жана өзгөчө даамы менен таанылган нукура Цейлон чайлары Кыргызстанда барбы? Учурда Кыргызстанда «Байхан» бренди менен таанылып жаткан чай Шри-Ланкадан импорттолот. Тагыраак айтканда, чай бадалчаларынын эң үстүңкү беш жалбырагы кол менен терилип, күнгө экологиялык жол менен кургатылат жана ошол жакта таңгакталат. Андан соң Кыргызстанга алып келинет.

Учурда «Байхан» чайынын эки түрү Кыргызстандын базарларында кеңири таралган:

1) «Байхан» чай бергамот жыпар жыты менен. Бул чайдын өзгөчөлүгү бергамот мөмөсүнүн нукура майы менен азыктандырылган. Бергамоттун ден соолукка абдан чон пайдасы бар. Мисалы, нерв системасын жөнгө салат жана табитти ачып, стрессти төмөндөтөт. «Байхан» бергамот чайына бал же нават татытып ичсе, өзгөчө жагымдуу даамга ээ.

2) Ал эми «Байхан» чоң жалбырактуу чайынын өзгөчөлүгү — демдегенде жумшак жагымдуу даамга ээ.

Эгер сиз жергиликтүү ишкерлерди колдойм десеңиз, анда кыргызстандык ишкердин «Байхан» чайын дүңүнөн сатып алуу үчүн  0500571919 номерине, башка маалыматтар үчүн  0555 229 988 номерине чалсаңыз болот.

КЕЧКИ ЧАЙ