Биз менен байланышыңыз

Жапон өкмөтү шайлоонун жүрүшүн колдоо үчүн БШКга 4 млн доллар бөлөт

Кыска кабар | 12 Мар 2020 | 362 | 0

Кечээ, 11- мартта Кыргызстандагы шайлоо жараянын колдоо үчүн Япониянын Кыргызстандагы элчилиги жана БУУнун Өнүктүрүү программасынын ортосунда Япония өкмөтү тарабынан 8 млн доллар бөлүү боюнча нотага кол коюлду. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын маалымат бөлүмү билдирди.

Иш-чарага Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчи Акын Мамбеталиев, Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова, Япониянын Кыргызстандагы элчиси Сигэки Маэда жана Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүгүү программасынын Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Луиз Чемберлен катышты.

Япония өкмөтү тарабынан бөлүнгөн каражат Кыргызстандагы 2 долбоорду ишке ашырууга каржыланмакчы. Алардын бири Борбордук шайлоо комиссиясынын шайлоо өнөктүгүн эл аралык стандарттары менен өткөрүүгө жана шайлоолордун ачыктыгын камсыздоого жана жабдууларын жаңылоого багытталат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM