Биз менен байланышыңыз

АКШ: Дүйнөдөгү эң кубаттуу суперкомпьютер иштелип чыкты

Дүйнө , Кыска кабар | 9 Мар 2020 | 803 | 0

Америка Кошмо Штаттарында El Capitan деген аталышта дүйнөдөгү эң кубаттуу суперкомпьютер иштелип чыкты. Бул тууралуу Businesswire басылмасы жазды.

El Capitan компьютерин Hewlett Packard жана АMD компаниялары АКШнын энергетика министрлигинин буйругу менен иштеп чыгышкан. Анын эсептөө операциялары эң жогорку деңгээлде, башкача айтканда 200 суперкомпьютердин мүмкүнчүлүктөрүнө ээ.

El Capitan секундасына 2 000 000 000 000 000 000 (2 квинтиллион) операцияны иштеп чыга алат.

Жаңы суперкомпьютер 2023-жылдан тарта толук пайдаланууга берилет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM