Биз менен байланышыңыз

«Телефон коронавирус инфекциясынын «очогу» болушу ыктымал»

Дүйнө , Кыска кабар | 6 Мар 2020 | 4616 | 0

Британиялык окумуштуулар белгилегендей, уюлдук телефондор коронавирус инфекциясын алып жүрүүчү буюмдардын тизмесинде биринчи орунда турушу мүмкүн.

«Колуңузду бат-баттан жууп турушуңуз мүмкүн. Бирок андан соң телефонду кармалап, колуңузду көз, ооз же мурун көңдөйүнө тийгизсеңиз, инфекцияны жуктуруп алуу тобокелчилиги жогорулайт», — деди Саутхемптон университетинин профессору Уильям Кивил.

Анын айтымында, айланада оорулуу адамдар жөтөлүп же чүчкүрсө, вирус бөлүкчөлөрүнө ээ болгон шилекейдин тамчылары түрдүү объектилердин үстүндө жабышып калат.

Лифт баскычын, эшик туткасын кармаган соң көпчүлүк адамдар ойлонбой туруп, дароо телефонду колго алат. Натыйжада вирус телефонго «көчүп өтөт». Андан соң колдор жуулганы менен кайра эле аппаратты кармашат.

Азырынча коронасирус телефондо канча убакытка чейин жашай алары так аныктала элек.

Вирустан коргонуу үчүн телефондорду дезинфекциялоо зарыл. Ал үчүн курамында спирт камтылган салфетка же гель колдонуу сунушталат. Жок дегенде нымдуу салфетка менен аарчып, тазалап туруу кажет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM