Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан 1-сентябрда китепсиз калышы мүмкүнбү? (министрликтин жообу)

Кыска кабар | 3 Мар 2020 | 590 | 0

Кыргызстан 1-сентябрда китепсиз калбайт. Мындай коркунучтардын алдын алуу үчүн учурда Билим берүү жана илим министрлиги конкурстарды жарыялап, китептерди басып чыгарууда. Бул тууралуу билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.

Анын айтымында, учурда 7-8-9-класстар үчүн иштелип чыккан 14 окуу китеби экспертизадан өтүп жатат.

Китеп боюнча автордук укукту басмаканаларга берүү жана китептин сапатын жакшыртуу боюнча жобо иштелип, коомдук талкууга коюлган. Жобого ылайык, китепти иштеп, басып чыгарып, окуучуларга жеткирүүгө чейинки процесстин катышуучуларынын барынын жоопкерчилиги так көрсөтүлгөн.

«Китепте бир да ката кетпесин деп, көзөмөл, жоопкерчиликти күчөтүп жатабыз. Жаңы жобо китеп басып чыгаруучу уюмдардын өнүгүүсүнө түрткү берет», — дейт Жусупбекова.

Маалыматка ылайык, алдыда китептер милдеттүү түрдө 4 багыт боюнча экспертизадан өтөт. Ал үчүн министрликтин алдында окуу китеби борбору түзүлүүдө. Аталган мекеменин корутундусунун негизинде гана китептер басылып чыгат. Мындан сырткары борбор болочок авторлорду окутуп, алардын базасын түзөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM