Биз менен байланышыңыз

Президент иш сапары менен Москвага учуп кетти

Кыска кабар | 27 Фев 2020 | 537 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 27-февралда эки күндүк иш сапары менен Орусиянын Москва шаарына учуп кетти. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Президент Сооронбай Жээнбеков иш сапарынын биринчи күнүндө Орусиянын президенти Владимир Путин менен эки тараптуу жолугушуу өткөрөт, анда кыргыз-орус мамилелеринин азыркы абалы жана келечеги талкууланат.

Ушул эле күнү эки Мамлекеттин башчылары кыргыз-орус эриш-аркак жылынын ачылыш аземине катышат.

Ошондой эле, Сооронбай Жээнбековдун Орусия Өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин жана Орусия Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев менен эки тараптуу жолугушуулары пландалган.

Иш сапардын алкагында Президент Сооронбай Жээнбеков белгисиз солдаттын мүрзөсүнө гүлчамбар коюп, Москва шаарынын ВДНХ аймагындагы «Кыргызстан» павильонуна барат.

Кыргызстандын расмий делегациясынын курамында тышкы иштер министри Чынгыз Айдарбеков, Президенттин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков, Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов, Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Мирлан Бакиров, вице-премьер-министр Эркин Асрандиев, Жогорку Кеңештин депутаттары Канатбек Исаев, Марат Аманкулов, Тынчтык Шайназаров, Евгения Строкова, Талант Мамытов, Бактыбек Турусбеков, Гүлнара-Клара Самат, Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев, Президенттин Аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары Алмаз Кененбаев, Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов бар.

Copyright © 2017 Maral FM