Кытайдын Ухань шаарында пайда болгон коронавирустун жаңы түрүнөн каза болгондордун саны 2007ге жетти. Андан сырткары, жалпы 74 729 адамга вирус жуккан.
Ошондой эле, вирус жуккан 14 387 бейтап эмделип, ооруканадан чыгарылган.
Кытайдан башка өлкөлөрдө Covid-19 коронавирусун жуктурган Жапонияда — 616 адам, Сингапурда- 81 адам, Гонконгдо-62, Түштүк Кореяда- 46 адам, Таиландда- 35, Германияда-16 киши, АКШда 15 киши катталган. Кытайдан сыркаркы өлкөлөрдө вируска кабылгандардын саны 1000ден ашты. Андан сырткары, Жапония, Франция, Гонконг, Тайвань жана Филиппинде коронавирустан каза болгондор катталууда.
19-февралга карата вирус жуккандардын арасында Кыргыз Республикасынын жарандары жок.
Белгилеп өтсөк, эл аралык маалымат булактарында Япониядагы карантинге алынган круиздик лайнеринде жаңы коронавируска кабылгандардын арасында Кыргызстандын жараны бар деген маалымат тараган. Саякат кемесиндеги оператор Япониянын Саламаттык сактоо министри 67 жаңы жагдайды аныктаганын билдирген. Алардын арасында круиздик лайнерде иштеп жүргөн Кыргызстандын жараны да бар экенин айткан.
Коронавируска кабылган алгачкы кыргызстандык жаран катталды
Кийинчерээк белгилүү болгондой, кыргыз жараны менен бир бөлмөдө жатып, тыгыз байланышта болгон адам коронавируска кабылган. Буга байланыштуу кыргызстандык жарандын да вирусту жууктурушу ыктымал деген шек жаралган. Бирок мекендешибиздин абалы канааттандырарлык, дене табы көтөрүлгөн жок. Алар туруктуу кароого алынды. Учурда өзүн жакшы сезип жатканын айтууда.
Кыргызстандын Япониядагы элчилиги «Алмаз ханышасы» саякат кемесинде болуп, коронавирусту жуктурууга шектелип жаткан мекендеш менен үзгүлтүксүз байланышта болуп жатат.
Эми Кытайдагы абалга токтолсок,
Кытайдын Ухан провинциясындагы ооруканалардын биринин жетекчиси коронавирустун айынан каза болду. Аталган провинциядагы «Учан» медициналык жайынын директору Чжимин Лю 17-февралда көз жумду. Ал COVID-19 коронавирусуна кабылган болчу.
Буга чейин, 7-февралга караган түнү алгачкылардан болуп коронавирус тууралуу маалымат тараткан дарыгер Ли Вэньлян каза болгон жайы бар. Андан сырткары, Кытай боюнча 2000ден ашык медицина кызматкери коронавируска кабылганы айтылган.
Февралдын башында, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирус Кытайдан башка өлкөлөрдө да жайылып жатканына байланыштуу эл аралык өзгөчө кырдаал режимин жарыялаган.