Биз менен байланышыңыз

Алмаз Мамбетов кызматынан бошотулду

Кыска кабар | 13 Фев 2020 | 1011 | 0

Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Алмаз Мамбетов ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу «Маралдын» Өкмөттөгү жеке булактары тастыктады.

Алмаз Мамбетов Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагалыгына 2019-жылдын 22-апрелинде дайындалган болчу.

Мамлекеттик каттоо кызматынын  мурунку төрайымы Алина Шаикова иштен бошогондо, өкмөт башчы анын ордуна Алмаз Мамбетовду дайындаган.

Мамбетов 2017-жылы Балыкчы шаарынын мэри болуп турганда, аталган шаардын мурдагы мэри Сатыбек Шамшудиновду оозго алгыс сөздөр менен сөгүп, коркуткан аудио жазуу коомчулукка тарап, бир топ резонанс жараткан.

Copyright © 2017 Maral FM