Евразиялык экономикалык биримдикке (ЕАЭБ) кошулуу боюнча Өзбекстандан же башка мамлекеттерден расмий түрдө арыз түшө элек. Бул тууралуу Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Александр Панкин маалымдаганын Борбордук Азия жаңылыктар кызматы жазды.
Анын айтымында, Ташкентте айрым ишкерлер ЕАЭБге кошулуунун пайдалуу жактарын белгилеп келишет. Товарлардын бирдиктүү рыногуна, жумуш күчүнө, кызмат көрсөтүүгө жана капиталга жол ачылат, мындан тышкары, биримдиктин технологиялык, транзиттик-транспорттук жана инвестициялык дарамети бар экендигин айтат дипломат.
Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев январдын аягында өлкө ЕАЭБде байкоочу макамын алууга даяр экенин билдирген. Александр Панкин бул кадам Өзбекстандын уюмдун толук кандуу мүчөсү болушуна жол ачат деп эсептейт.
Учурда Өзбекстанда ЕАЭБге кошулуу боюнча кызуу талкуу жүрүүдө. Уюмга кирүү көз карандысыздыкка коркунуч алып келиши мүмкүн деп эсептегендер да бар.