Биз менен байланышыңыз

Башкы прокуратура: Жапаров жатак абакка которулбайт, мөөнөтүнөн мурда бошотулбайт

Кыска кабар | 6 Фев 2020 | 1296 | 0

Жогорку Кеңештин экс-депутаты, саясатчы Садыр Жапаровду жатак абагына которууга жана мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотууга болбойт. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү же оор кылмышты уюштуруу боюнча соттолгон жарандар жатак абагына которулбайт жана аларга карата мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотуу чечими чыгарылбайт.

Эске салсак, 2017-жылдын 2-августунда Биринчи май райондук соту Садыр Жапаровго Кылмыш-жаза Кодексинин 30-беренесинин 4-бөлүгү, 227- беренесинин 1-2-3- бөлүгүнүн негизинде 11 жыл 6 айга күчөтүлгөн режимде жазасын өтөөгө чечим чыгарган.

Бишкек шаардык соту жана Жогорку сот Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2017-жылдын 2-августундагы чечимин күчүндө калтырган.

Жаңы мыйзам күчүнө киргенден кийин Садыр Жапаровдун кылмыш иши 2019-жылдын апрелинде Жогорку сотто каралып, Кылмыш-жаза Кодексинин 43-беренесинин 2-бөлүгү, 244-беренесинин 1-2-бөлүгү менен («Уюшкан топ тарбынан барымтага алуу, адамдардын өмүрүнө, ден соолугуна коркунуч жаратуу, коркутуу») 10 жылга эркинен ажыратылган. Мурдагы Кылмыш-жаза Кодексинин 16-беренеси жаңы мыйзам күчүнө киргендигине байланыштуу жокко чыгарылып, калган бөлүгү өзгөртүүсүз калтырылган.

Эскерте кетели, Садыр Жапаров 2017-жылы 25-мартта чет өлкөдөн кайтып келатканда «Ак-Жол» чек ара бекетинен УКМК тарабынан кармалган.

Экс-депутат «2013-жылы октябрда Кумтөр маселесине байланыштуу Караколдо болгон митингде ошол кездеги Ысык-Көл облусунун губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алууну уюштурган» деп айыпталып, 10 жылга кесилген.

Жапаров өткөн жылдын октябрь айында президент Сооронбай Жээнбековго ырайым сурап кайрылган.

Copyright © 2017 Maral FM