Биз менен байланышыңыз

Өзгөчө кырдаалдар министрлигине Замирбек Аскаров сунушталды

Кыска кабар | 4 Фев 2020 | 961 | 0

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети өзгөчө кырдаалдар министрине сунушталган Замирбек Аскаровдун талапкерлигин жактырып, парламенттин кароосуна алып чыгуу чечимине келди.

Замирбек Аскаровду депутаттарга премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тааныштырды. Сунушталган талапкерлер буга чейин өзүн кесипкөй жана тажрыйбалуу жетекчи катары көрсөтө алганын билдирди.

Талапкерлердин билими да, тажрыйбасы да жетиштүү, мамлекеттик кызматтын талаптарын жакшы билет. Ошондон улам, жаӊы кызмат ордундагы милдетин татыктуу аракалап кете алышат деген ойдомун, — деди ал.

Замирбек Аскаров 2018-жылдын апрелинен тарта вице-премьер-министр кызматын аркалап келген.

Мурдагы министр Нурболот Мирзахмедов ушул жылдын 23-январында Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган.

Белгилей кетсек, «КР Өкмөтү жөнүндө» мыйзамдын жоболоруна ылайык, өкмөт мүчөсү парламентте ант бергенден кийин өзүнүн ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришет.

Copyright © 2017 Maral FM