Биз менен байланышыңыз

Чек ара боюнча протокол кабыл алынды. Аткарылчу иштердин тизмеси

Кыска кабар | 15 Янв 2020 | 4439 | 0

14-январда, вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Тажикстандын вице-премьер-министри Азим Иброхим менен жолукту. Бул тууралуу Өкмөттүн маалыматтык камсыздоо бөлүмү маалымат таратты.

Ага ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-тажик чек арасынын калган тилкелеринде аймактарды аныктоо иштерин улантууну активдештирүү боюнча көп жактуу пикир алмашылды. Жыйындын жыйынтыгы боюнча тийиштүү протоколго кол коюлду.

Протоколго ылайык:

— Укуктук жумушчу топторго 2020-жылдын 15-февралына чейин 114 чакырым аралыктагы чек ара аймагын аныктоо боюнча макулдашылган позицияны берүү тапшырылды;

— топографиялык жумушчу топторго Баткен районунун жана Исфара шаарынын ортосундагы «Самаркандек» жана «Көк-Таш» тилкелеринин ортосундагы жерлерди аныктап, жерлерди алмашуу боюнча макулдашылган сунуштарды 2020-жылдын 1-мартына чейин иштеп чыгуу тапшырылды;

— тараптар Чоркух — Ак-Сай — Ворух, Көк-Таш – Ортобоз унаа жолдорунда биргелешкен күзөтүн улантууга, Исфара-Ворух жана Баткен-Исфана унаа жолдорунун кесилишинде жол чырактарын, байкоо камераларын орнотуу чараларын көрүүгө макулдашышты;

— Чектеш облустардын жергиликтүү бийлик органдарына окуяларга жол бербөө, ошондой эле чектеш райондордун калкынын зарыл маселелерин чечүү максатында түшүндүрүү-алдын алуу иштерин жүргүзүүнү күчөтүү тапшырылды;

— Социалдык-экономикалык жана маданий-гуманитардык мамилелерди өнүктүрүү, чыр-чатактардын алдын алуу максатында Баткен облусунун жана Согдий облусунун жергиликтүү бийлик органдарынын ар тараптуу кызматташуусу активдештирилет;

— Тараптар кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча комиссиянын, жумушчу топтордун ишин, чек ара маселелери боюнча жолугушууларды ЖМКларда чагылдыруу боюнча макулдашууларды катуу кармануу тууралуу бир пикирге келишти.

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жана тийиштүү жетекчилер бүгүн, 15-январда жергиликтүү калк менен жолугуп, тажик тарап менен болгон сүйлөшүүлөр тууралуу маалымат берип, түшүндүрүү иштерин жүргүзөт.

Copyright © 2017 Maral FM