Биз менен байланышыңыз

Бүгүн чек ара маселесин чечүүнү бийликтен талап кылган тынчтык митинги өтөт

Кыска кабар | 15 Янв 2020 | 575 | 0

Бүгүн, 15-январда саат 10.00дө Бишкек шаарында Ак үйдүн алдында кыргыз-тажик чек ара маселесин чечүүнү бийликтен талап кылуу максатында тынчтык митинги өтөт. Бул тууралуу митингди уюштуруучу «Чек ара» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү билдирди.

Эске салсак, буга чейинки митингде 9-10-январда кыргыз-тажик чек арасында чыккан чырда күч органдары тарабынан кармалган 4 жаранды тез арада бошотуу талабы менен уюштурулган болчу.

Көк-Таш айылында 10-январга караган түнү чыр чыккан. Тажик тарап кыргыз жарандарынын унааларын талкалап, кийинчерээк ок чыгарган. Буга байланыштуу аялдар жана балдар Көк-Таш айылындагы орто мектепке жайгаштырылган. Жалпысынан 254 адам кайра үйлөрүнө кайрылып барышкан.

Чыр-чатакты жөнгө салууну талкуулоо максатында 14-январда өлкөнүн делегациясынын жолугушуусу өттү.

Кыргыз тараптан вице-премьер-министр Жеңиш Разаков баштаган делегацияда Башкы прокуратуранын, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин, Ички иштер министрлигинин жетекчилери, ошондой эле тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты.

Жолугушууда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы кырдаалды турукташтыруу боюнча чаралар, чек ара коопсуздугун бекемдөө, чек ара окуяларын алдын алуу чаралары, ошондой эле чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо иштерин активдештирүү маселелери талкууланып, сүйлөшүүнүн жыйынтыгында эки тарап күн тартибиндеги алты маселени макулдашып, протоколго кол коюшту.

Чек арада азыркы учурда абал туруктуу.

Copyright © 2017 Maral FM