Биз менен байланышыңыз

Президент 2020-жылга ишмердүүлүктүн артыкчылыктуу багыттарын белгиледи

Кыска кабар | 8 Янв 2020 | 648 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 8-январда, 2020-жылга ишмердүүлүктүн артыкчылыктуу багыттарын белгиледи. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

2019-жылдын жыйынтыгы чыгарылып, 2020-жылга карата максаттар жана артыкчылыктуу милдеттер Президенттик Аппараттын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери менен  өткөн жыйналышта талкууланды.

Президент Сооронбай Жээнбеков мамлекеттин бакубатчылыгы үй-бүлөнүн бакубатчылыгынан түздөн-түз көз каранды экенин белгиледи.

«Үй-бүлөнүн пайдубалын бекемдөөгө ар дайым кылдат көңүл буруу, эне жана баланы социалдык жана укуктук жактан коргоону камсыз кылуу чоң мааниге ээ«, — деди мамлекет башчысы.

Мамлекет башчысы акыркы эки жылда региондорду өнүктүрүү, элет ишкерлеринин демилгелерин колдоо, жаңы жумушчу орундарды түзүү, калкты таза суу менен камсыз кылуу жана ирригация системаларын жакшыртуу боюнча конкреттүү кадамдар жасалганын белгиледи. Мамлекеттик органдар баштаган ыргакты жоготпостон, аткарылып жаткан иштердин сапатына, кыргызстандыктардын бейпил турмушун камсыз кылууга биринчи кезекте көңүл буруп, бул ишти улантып кетиши керек.

Санариптештирүү мамлекеттик органдардын натыйжалуулугун жогорулатып, коррупциянын деңгээлин кыскартат.

«Биздин жеке тажрыйбабыз көрсөткөндөй, өлкөдө реформаларды ийгиликтүү ишке ашыруу адилеттүү сот системасынан көз каранды. Биз баштаган соттук-укуктук реформаны улантышыбыз керек», — деп белгиледи Президент.

Тышкы саясаттагы артыкчылыктуу багыттар жөнүндө айтып жатып, Мамлекет башчысы жакынкы өнөктөштөр жана алыскы чет мамлекеттер менен өз ара пайдалуу жана натыйжалуу диалогду улантуу зарылдыгын белгиледи.

Биринчи кезектеги милдеттердин катарында Орусиядагы жана Орусиянын Кыргызстандагы Кайчылаш жылынын жана Улуу Ата мекендик Согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгынын алкагында өтө турган иш-чаралар аныкталды.

Copyright © 2017 Maral FM